• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кожошев: Казакстан менен чек арадагы “көмүскө” схемаларды жоюуга бардык аракетибизди жумшайбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу унаалардын эркин жүрүүсүн камсыздоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда 2022-жылдын 19-апрелинде Кыргызстандын жана Казакстандын өкүлдөрүнүн жумушчу кеңешмесинин Протоколунун 1-пунктунун аткарылышы, жүк ташуучу транспорт каражаттарынын биздин өлкөнүн аймагынан ташылган товарлар үчүн электрондук эсеп-фактураларысыз чыгып кетишине жол бербөө чаралары каралды.

Жолугушууда Арзыбек Кожошев белгилегендей, буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз тарап ташылган жүк үчүн электрондук эсеп-фактурасы жок транспорт каражаттарын өткөрбөшү керек. Өз кезегинде казак тарап Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен келе жаткан жүк ташуучу унааларга карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөйт.

«КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктарын күчөтүү максатында Кыргызстандын Фискалдык органына мобилдик топ менен биргеликте жүк ташуучу унааларды текшерүүнү караган токтом кабыл алды. Анда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында салыктык эсепке алуу үчүн электрондук эсеп-фактуралардын болушун текшерүү каралган», — деди Арзыбек Кожошев.

Анын айтымында, бул чечим 2022-жылдын 9-майынан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына бул иш-чараларды толук ишке ашыруу үчүн укуктук маселени чечүүгө мүмкүндүк берет.

Жыйындын соңунда Арзыбек Кожошев мамлекеттик органдарга жогорудагы милдеттерди аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле, Ички иштер министрлигине өткөрүү пункттарындагы салык кызматкерлерине көмөк көрсөтүү тапшырылды. Аны менен бирге мамлекеттик органдарга жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

«Бардык жүк ташуучулар абийирсиз экспорттоочулардын айынан жапа чегип жатышат. Эрежелер баарына бирдей, буга жол берилбеши керек. Чек арада товарларды кармап турууга байланышкан бардык жагдайлар боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Экспорттоочуларга электрондук эсеп-фактурасы жок жүрүүгө уруксат берген тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине да чара көрүлөт. Чек арадагы “көмүскө” схемаларды жоюуга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.

Пикир

Оставить комментарий