• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР адистери медициналык мекемелерди COVID-19дун экинчи толкунуна даярдоо керектигин айтышты

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Кыргызстандык белгилүү медициналык адистер медициналык мекемелерди коронавирус инфекциясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдоо керектигин белгилешти. Алар мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтышты.

Жолугушууда алар өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өз сунуштарын беришкен.

Жарандарга азыркы тапта өлкөдө бир гана көйгөй – бул коронавирус инфекциясы экени, пневмониядан каза болгон жакындарын жерге берүүдө COVID-19 илдетиндегидей эле талаптар сакталышы керектиги тууралуу кеңири түшүндүрмө берүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле пневмония менен коронавирус боюнча статистиканы бириктирүү зарыл деп эсептешет.

Коронавирус инфекциясын дарылоого кычкылтек терапиясы менен жандандыруу бөлүмдөрү болгон клиникаларды кайра профилдештирүү, тез тургузулуучу конструкциялар менен жаңы ооруканаларды куруу керектигин айтып чыгышты.

Даректүү дарылоону күчөтүүчү илдеттин оор даражасына жараша бейтаптарды бөлүштүрүү үчүн борборлорду түзүүнүн актуалдуулугун баса белгилешти. Ошол эле маалда медициналык мекемелерге бейтаптарды кабыл алууда бош орундарды көрсөтүү менен ооруканалардын санарип картасын киргизүү дагы актуалдуу бойдон калууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга төмөнкү дарыгерлер катышты:

- медицина илимдеринин доктору, профессор, И. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов;

- ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов;

- медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев;

- медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов;

- медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Айнура Кутманова;

- медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова;

- Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору Нуриля Алтымышева;

- Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева.

Пикир

Оставить комментарий