• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 154 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 154 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда - 5, Ош облусунда – 48, Талас облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 28, Баткен облусунда – 23 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 798ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий