• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР делегациясы келерки аптада БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына катышат

Саясат 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-сентябрында Жаматтык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу алкагында КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев БУУнун Борбордук Азия боюнча башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борборунун башчысы Наталья Герман менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы кырдаалдын өнүгүү динамикасын, анын ичинде Афганистанда жүрүп жаткан процесстерге, ошондой эле БУУнун БККБнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү маселелерине байланыштуу, Борбордук Азияда туруктуу тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыздоо максатында БУУнун БККБнын превентивдүү дипломатия механизмдерин колдонуу боюнча потенциалын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Р. Казакбаев КР делегациясы келерки аптада БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын ишине катыша тургандыгы, ошондой эле Нью-Йоркто БУУнун жетекчилиги менен пландалган жолугушуулар тууралуу маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий