• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ИИМ башчысы жетектеген делегациясы Интерполдун Башкы Ассамблеясынын 91-сессиясына катышты

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков жетектеген делегациясы Венадагы Интерполдун Башкы Ассамблеясынын 91-сессиясына жана уюмдун 100 жылдык мааракесине катышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сессиянын иши 1-декабрга чейин уланат. Ал уюмга мүчө 190дон ашык өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилерин чогултат.

Ассамблеянын сессиясы 1923-жылы Венада негизделген уюмдун 100-жылдык түзүлгөндүгүнүн арналган.

28-ноябрдан 1-декабрга чейин өтө турган төрт күндүк конференцияда дүйнө жүзүндөгү полиция башчылары учурдагы жана пайда болгон коркунучтарды, анын ичинде трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун олуттуу өсүшүн талкуулашат.

Белгилей кетсек, КР ИИМдин түзүмүндө Интерполдун Улуттук борбордук бюросу (УБК) 1997-жылдын 18-июлунда түзүлгөн.

Интерпол эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө биздин өлкөнүн укук коргоо органдарынын башка мамлекеттерден келген чет өлкөлүк кесиптештери менен маалымат алмашууну камсыз кылат.

Интерпол кылмышкерлерди издөөдөн тышкары, дайынсыз жоголгон адамдардын, уурдалган унаалардын, маданий мурастарга каршы кылмыштардын, каржылык жана кибер кылмыштардын ордун аныктоо менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий