• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Бүгүнкү күнгө карата 65 адам сууга чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. 19-августка​ карата өлкө боюнча 65 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата сууда ар кандай себептер менен ​65 адам өлүмү катталган (46 киши​ – жай мезгилинде) анын ичинен 33 эркек, 6 аял, 15 бала жана 11 өспүрүм.

Ал эми 2019-жылдын 19-августуна карата республика боюнча сууга 129 адам чөгүп кеткен (102 киши жай мезгилинде), салыштырмалуу 2020-жылы суудагы кырсык эки эсеге азайган.

Белгилей кетсек, учурда Чүй облусундагы Аламүдүн дарыясында жана Нарын облусундагы Чу дарыясында ​ сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө иштери улантылууда. Куткаруучулар суунун ​ тез агымына жана чоң көлөмүнө карабастан, ​ эртең менен кечке чейин издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен суудагы кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер күчөтүлдү.

КР ӨКМ сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет.

Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:

-сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
-тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

-сууга мас абалында түшпөңүз;
-суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;
-кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
-күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
-үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
-көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Пикир

Оставить комментарий