• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарындагы мыйзамсыз орнотулган жол белгилери алынды

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери шаар ичиндеги мыйзамсыз орнотулган жол белгилерин алдырышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын Медеров, Эркиндик бульвары, Панфилов жана башка көчөлөрүндөгү атайын өз алдынча уруксаты жок орнотулган же жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, туура эмес багытты көрсөтүп, эскилиги жетип жаңыртууга муктаж болгон жана мыйзамсыз орнотулган жол белгилери алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий