• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР менен Катардын ЖМКларынын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-сентябрында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар өкмөтүнүн коммуникациялар бөлүмүнүн директорунун орун басары Шейх Тамер Бин Хамад Аль-Тани менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстан менен Катардын жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы кызматташтыгынын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана ар кандай иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий