• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин бир катар кызматкери КР министрлер кабинетинин төрагасынын сыйлыгына татыды

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кечээ, 16-сентябрда Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында милиция кызматкерлерине эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата КР министрлер Кабинетинин төрагасынын сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кызматында айырмаланган ички иштер органдарынын ар кайсы бөлүмдөрүнүн 10 кызматкерине министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш жарыяланып, баалуу белек - «ээнчилүү саат» тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага министрликтин жетекчилери, борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. Сыйлыкты ички иштер органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков тапшырды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков сыйлык ээлерин алган сыйлыктары менен жылуу куттуктап, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон салымдарын баса белгилеп, мындан ары дагы кызматында ийгиликтер көп болушун каалап өттү.

Пикир

Оставить комментарий