• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядагы зилзала. Кыргызстандык куткаруучулар урандылардан 28 адамдын сөөгүн чыгарышты

Коом 0


Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы жер силкинүүдөн кыйраган үйлөрдүн алдынан 28 жарандын сөөгүн чыгарышты. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат 10-февраль саат 00:00гө алынган.

Белгилей кетсек, Түркиянын Кахраманмараш шаарына Кыргызстан 67 куткаруучу жөнөткөн.

Ошондой эле алдыда боордош түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган бир чатыр жөнөтөт. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана эки үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 17 миң 674 адамга, жабыркагандардын саны 72 миң 879 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий