• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жапаров: Алдыдагы парламенттик шайлоодо ар бир партияда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болушу керек

Президент 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров бүгүн “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде жаштардын бир катар суроолоруна жооп берди.

Өлкө башчысынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу сурашты.

“Күздө өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт. Мен ар бир партиянын катарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болушу керек деген сунуш киргизейин деп жатам. Эмнеге мен парламенттик шайлоо тууралуу айтым жатам? Эгерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар Жогорку Кеңешке келсе, анда алар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо боюнча мыйзамдарды жазып, сунуштай алат. Биз дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча мыйзам долбоорлорун киргизебиз. Мамлекет аларды коргошу керек”, - деди Жапаров.

Президент ошондой эле жаңы Конституцияда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдогон көптөгөн жакшы нормалар бар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий