• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР президенти Ысык-Көлдө “БА - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” форматындагы I инвестфорум өткөрүүнү сунуштады

Президент 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жидда шаарында өткөн "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин" биринчи саммитинде сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда аталган кеңештин форматындагы биринчи инвестициялык форумду өткөрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров делегация башчыларына ири форматтагы форумду 2024-жылдын жай айларында Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштап, бул демилгени колдоп берүүңүздөрдү суранам деди.

Ал өз сөзүндө жакынкы келечекте жетишилген макулдашууларды комплекстүү жана практикалык ишке ашырууга киришүүнү маанилүү деп эсептей тургандыгын кошумчалады.

"Ушуга байланыштуу, Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү, соода, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерин талкуулоо үчүн министрлердин жолугушууларын, ошондой эле бизнес-форумдарды, биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды өзүндө өткөрүүгө даяр", - деп баса белгиледи Жапаров.

Кыргызстандын президенти учурдан пайдаланып, Бириккен Араб Эмираттарына ушул жылдын декабрь айында Бирикен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча келерки 28-конференциясын (COP-28) жана Катар Мамлекетине 2024-жылдын башында футбол боюнча Азия кубогун уюштурууда ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, 19-июлда Жидда шаарында (Сауд Аравия Падышалыгы) "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин" биринчи саммити өтүп, анын ишине Кыргызстандын, Түркмөнстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Бахрейндин, Катардын, Кувейттин, БАЭнын, Омандын жана Сауд Аравиянын башчылары катышты.

Саммитте өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий