• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР СӨПтүн вице-президенти Малайзиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) вице-президенти Мамасадык Бакиров Малайзиянын элчиси Ильхам Туах Иллиас менен жолугушту. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташууну чыңдоо, бизнес-турларды уюштуруу жана халал индустриясы жаатындагы кызматташтык тууралуу сөз кылышкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүнүн келечегин да талкуулашты. Инновациялар жана технологиялык алмашуу чөйрөсүндө биргелешкен кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий