• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР Соода-өнөр жай палатасы Грузиянын соода порттору аркылуу каттамдарды пландаштырууда

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. КРнын Соода-өнөр жай палатасы Грузиянын соода порттору аркылуу каттамдарды пландаштырууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен жолугушуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Жолугушууда сооданы кеңейтүү, инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү. Кайрат Осмоналиев бул өлкөнүн порттору аркылуу жүк ташуу көлөмү өсүп жатканын эске алуу менен Грузия менен кызматташууну мындан ары тереңдетүү идеясын билдирди.

Соода-өнөр жай палатасы жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги азербайжандык жана грузиялык өнөктөштөр менен байланыштарды түзүүдө жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүдө бизнеске жигердүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий