• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ: Казакстанда кыргызстандык жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Казакстандын Караганда – Балхаш трассасында кыргыз номуру тагылган эки жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык 1-февралда болгон.

ТИМдин билдирүүсүнө таянсак, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен болгон окуянын чоо-жайын тактап жатат.

"Казакстандын компетенттүү органдарынын нөөмөт кызматкерлеринин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгон жана оор абалда ооруканага жаткырылган бирөө бар. Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана зарыл болгон учурда жабыркаган Кыргызстандын жарандарына зарыл жардам көрсөтүү иштерин улантат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий