• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР Транспорт жана жол министрлиги ишембилик өткөрүштү

Коом 0

Бишкек, 24.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин борбордук аппараты жана министрликтин алдындагы мекеме ишканалардын баардыгы ишембиликке чыгышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ишембиликте министр Жамшитбек Калилов жана статс- катчынын м.а Эрмек Мамыркалиев баш болуп айлана –чѳйрѳнү тазалоо иштерин жүргүзүштү.

"Ѳкмѳт тарабынан жарыяланган «Таза жашоо» долбоорунун алкагында КР Транспорт жана жол министрлиги Исанов кѳчѳсүн Токтогул кѳчѳсүнѳн баштап Бѳкѳнбаев кѳчѳсүнѳ чейин тазалоо жана жакшыртуу иштерин аткарды. Жол четиндеги чогулган топурактарды алуу, тротуардагы чѳптѳрдү шыпыруу, куураган бактарды кыйып, жолго ташталган таштандыларды жыйнашты", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий