• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КР делегациясы Москвада Афганистан боюнча консультациялардын жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. КР президентинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков башында турган КР делегациясы 16-ноябрда Москва шаарында өткөн Афганистан боюнча консультациялардын Москва форматынын 4-жыйынына катышты.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө бул өлкөдөгү жана анын айланасындагы региондордогу коопсуздук, аскердик-саясий туруктуулук, социалдык-экономикалык жана гуманитардык кырдаал боюнча маселелерге басым жасоо менен Афганистандагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Афганистанда негизги этносаясий топтордун кызыкчылыктарын чагылдырган чыныгы инклюзивдик өкмөттү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тараптар Афганистанга гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү боюнча күч-аракеттерди күчөтүүнүн актуалдуулугун баса белгилешти.

КР Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, элчи А.И.Абдуразаков КР делегациясынын атынан сөз сүйлөп, жолугушуунун катышуучуларын Афганистандын эли жана аймактык өлкөлөрү үчүн гуманитардык катастрофанын алдын алуу, коопсуздук, эл аралык терроризмге каршы туруу жана баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү сыяктуу артыкчылыктуу маселелерге күч-аракет жумшап, көңүл бурууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда жогоруда аталган маселелер боюнча региондогу мамлекеттер менен Афганистандын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди, ошондой эле афган аралык улуттук жарашууга, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого көмөктөшүү боюнча аймактык күч-аракеттерди бириктирүүнү жана координациялоону улантуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Жыйындын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Жыйынга Россия, Кытай, Пакистан, Иран, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын өкүлдөрү жана улук кызмат өкүлдөрү катышты, ошондой эле Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия жана Түркиянын өкүлдөрү конок катары катышты.

Пикир

Оставить комментарий