• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Орозбаев Марат Тологонович "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатына энергетика министринин орун басарлары Таалайбек Толубаев жана Мирлан Жакыпов тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий