• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова чернобыль кырсыгынын кесепетин жоюунун катышуучулары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова кечээ, 3-майда, «Союз-Чернобыль ардагерлери» коомдук бирикмесинин президенти Кадырбек Сасыкулов жана коомдук бирикменин мүчөсү А.Жороев менен жолугушту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Чернобыль атомдук электростанциясы кырсыгынын 30 жылдыгы жана радиациялык авариядан курман болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш чаралар планын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Вице-премьер-министр маалымдагандай, азыркы учурда Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына жана майыптарына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар ишке ашырылып жатат.

Атап айтканда, Чернобыль атомдук электростанциясынын кырсыгынын 30 жылдыгынын урматына 1223 мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 30000 сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөндү, 122 ЧАЭС катышуучуларына 20000 сомдон, 250 ЧАЭС катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө жана каза болгон майыптарына 20000 сомдон төлөндү. Мындан тышкары, ЧАЭС бардык катышуучуларына жана майыптарына Кыргыз Республикасынын жарандарына медициандык-санитардык жардам берүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер Программасынын алкагында акысыз негизде медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

«Чернобыль кырсыгы совет элине ири кайгыны алып келди жана бүт дүйнөнү сестентти.

Эскерүү күнүнөн тышкары дагы келечектин коопсузуду үчүн атомдук коркунуч менен күрөшүүнүн күнү болуп саналат. Сиздер өмүрүңүздөрдү тобокелге салып башка жарандардын ден соолугу, жашоосу үчүн аскердик жана жарандык милдетиңиздерди аткардыңыздар. Сиздердин көзү өтүп кеткен замандаштарыңыздардын жаркын элеси, адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө ден соолук, бакубаттуулук жана ийгиликтерди каалайм. Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына жана майыптарына мыйзамга ылайык бардык колдоо көрсөтүү чараларын аткарабыз», – деп билдирди Чолпон Султанбекова.

Өз кезегинде Кадырбек Сасыкулов ай сайын төлөнүп туруучу акчалай компенсацияны көбөйтүү, Чренобль окуясына катышкан майыптар үчүн социалдык турак жай куруу, Ысык-Көл жээгинде аларды медициналык реабилитациядан өткөрүү ошондой эле Чернобль кырсыгын жок кылууга катышкан кыргызстандыктары эскерүү китебин чыгаруу сыяктуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Чернобль кырсыгынын кесепеттерин жоюучуларга мындан ары да көмөк көрсөтүлөрүн билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында вице-премьер-министр тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүу структуралык бөлүмдөрүнө белгиленген маселелерди кароону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий