• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР Жогорку сотунун төрайымы мекендештерди Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракеси менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05. 20. /Кабар/. КР Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева мекендештерди Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлайт.

“Урматтуу мекендештер! Чын жүрөктөн сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайм! Бул майрам ар бирибиз үчүн кымбат! Биздин эл жалпы Жеңиш үчүн өзүнүн баа жеткис салымын кошту. Согушта курман болгондордун эрдиги жана кайраттуулугу дүйнөгө тынчтыкты жана бейпилдикти алып келди. Биздин ыйык милдет – кандуу согуштун сабактарын эстен чыгарбай, баатырлардын эрдигин даңазалоо! Ардагерлерге ден-соолук жана дөөлөттүү карылык келсин. Ушундай кыйын кырдаалда баардыгыбызга чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту тилейм”, - деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий