• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРда кыздар эркектерге салыштырмалуу билимин улантууга көбүрөөк умтулушат

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда иштеген калк жогорку деңгээлдеги билимге ээ. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин “КРдагы билим берүү жана илим” журналында жарыяланган.

Отчётко ылайык, иштеген калктын санынын дээрлик ар бир бешинчисинин жогорку же толук эмес жогорку билими бар. Ар бир онунчусу орто кесиптик билимге ээ.

Шаардагы иштеген калктын билим деңгээли айылдыкына караганда бир топ жогору. 2017-жылы жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 27 пайызды, эркектердики 17 пайызды түзгөн. Орто кесиптик билими барлардыкы 16 жана 7 пайызга жакын үлүштү түзгөн.

Орто жалпы билим алган соң кыздар билим алууну улантууга умтулушат. Себеби атайын даярдыгы жок аялдарды жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген.

Эркектер көбүнчө орто жалпы же негизги жалпы билим жетиштүү болгон, бирок кесипкөй даярдыкты талап кылган жумуштарда иштешет.

Пикир

Оставить комментарий