• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРда такси жана кичи автобустардын айдоочуларын көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгуу керек – Бишкек мэри

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда такси жана кичи автобустардын айдоочуларын көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгуу керек. Бул тууралуу бүгүн жол-унаа кырсыктары боюнча өкмөттүн кеңешмесинде Бишкек мэри Албек Ибраимов билдирди.

Ал белгилегендей, борбор калаада эле 18 такси кызматы бар. Бирок, такси айдоочуларын көзөмөлдөө эч мүмкүн эмес. “Такси кызматтарына орношкондорду көзөмөлдөгөн орган жок. Кандай абалдагы, эмне унаа менен, айдоочунун саламаттыгы кандай, мурда соттолгон эмеспи. Бул тармакты эч ким көзөмөлдөбөйт. Такси кызматына кимдин унаасы болсо, бардыгын алышат”, - деди А.Ибраимов.

Ошондой эле, мэр кичи автобустардын айдоочулары менен дагы ушундай жагдай экендигин белгиледи. “Азыр шаарда 2 миң 800 маршруттук такси иштейт. Бул шаардагы машиналардын жалпы санынын 2%ы. Бирок биз аларды көзөмөлдөй албайбыз. Айдоочуларды көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгууну сунуштайбыз”, - деп ой бөлүштү ал.

Мындан тышкары, шаар башчы “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырыла электигин, бирок шаар боюнча бир нече видеобайкоо иштеп жатканын белгиледи. Алар аркылуу айыптар салынууда. “Бирок алар 20% гана айып чыгарышат. Көптөгөн айыптар дарексиз калууда. Себеби, мында ишеним кагаз маселеси бар. Эгерде кайра каттатуу баасын азайтышса, же ишеним кагазынын баасындай болсо, анда адамдар ишеним кагаздарын алышпай, унааларды өздөрүнө каттатышар эле жана айыптар даректүү кетмек. Ошондо Мамлекетик каттоо кызматына түшүүлөр да көбөймөк”, - деп белгиледи А.Ибраимов.

Пикир

Оставить комментарий