• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аутизм жөнүндө кыргыз тилиндеги алгачкы китептин авторлору ыраазычылык кат менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аутизм жөнүндө кыргыз тилинде алгачкы болуп жарык көргөн китептин авторлору - журналист Бактыгүл Чыныбаева жана "Сэнт Жонс" университетинин студенти Зейнеп Ибраим кызы менен жолугушту.

"Өзгөчө бөбөгүм" деп аталган китептин автору Зейнеп Ибраим кызы жана "Аутизм менен жашоо" деп аталган китептин автору Бактыгүл Чыныбаева - Урмат ысымдуу өзгөчө баланын эжеси жана апасы.

Акыйкатчы жана китептин авторлору аутизми бар балдардын укуктарын камсыздоонун маанилүү экенин сөз кылышты. Андан соң, омбудсмен китептин авторлоруна балдар укуктарын коргоого кошкон салымдары үчүн ыраазычылык каттарды тапшырды.

“Биз үчүн аутизми бар балдардын укуктарын камсыздоо абдан маанилүү. Биз балдардын укуктарын коргоого кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин методика менен көптөгөн ата-энелер өздөрүнүн балдарына жардам бере алышат. Бизге аутизми бар балдардын укуктарын коргоо боюнча жагдай белгилүү. Акыйкатчы институту бул багытта зарыл болгон иштерди жүргүзүүгө даяр. Биз аутизми бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу жана оптималдуу өнүгүүсүн камсыздаш үчүн системалык өзгөрүүлөрдү сунуштоого ниеттенип жатабыз. Ошондой эле аутизми бар балдардын ата-энелеринин зарыл болгон маалыматка жетүү укуктарын камсыздоо маанилүү, алар өз балдарынын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жогорку кесипкөй адистердин колдоосун алууга тийиш”, - деди акыйкатчы.

Ошондой эле аутизми бар балдарга коом тараптан дискриминацияга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуунун маанилүү экенин талкууланды.

Эскерте кетсек, 26-июлда Бишкекте кыргыз тилинде алгач ирет аутизм боюнча жазылган китептин бет ачары өткөн.

Пикир

Оставить комментарий