• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын алгачкы аял хирургу Какиш Рыскулова көз жумду

Коом 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Бишкекте кечээ, 26-августта 100 жашында Улуттук илимдер академиясынын академиги, элдик билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, КРнын илиминин эмгек сиңирген ишмери, медицина илимдеринин доктору, профессор, өлкөбүздөгү алгачкы хирург аял Какиш Рыскулова көз жумду.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова “Кабар” агенттигине билдиргендей, анын 100 жылдык мааракесин академияда апрель айында белгилешкен.

“Рыскулованын өлүмүнө байланыштуу анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, - деди Кудайбергенова.

Маркум менен коштошуу эртең, 28-августта саат 10:00дө Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

Өмүр баяны

Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Ал 1944-жылы кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, эмгек ишмердүүлүгүн медайым болуп иштөөдөн баштап, атамекендик саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.

Факультеттик хирургия кафедрасына клиникалык аспирантурага тапшырып, улуу профессор Анатолиц Кругловдун башкармалыгы алдында иштеген. Кандидаттык жана докторлук диссертацияларын мыкты деңгээлде жактаган.

Ал 250дөн ашык илимий эмгек, 13 монография, 11 ойлоп табуу, 4 окуу китебин чыгарган.

К.Рыскулова медицина илимдеринин 32 кандидатын жана 7 докторун даярдаган.

Ал бир катар мамлекеттик жана мекемелик жогорку сыйлыктар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий