• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

III ДКО учурунда дрондорду жана коптерлерди иштетүүгө тыюу салынат

ДКО 2018 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. 2-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда пилотсуз учуучу аппараттарды (коптер, дрон, авиамоделдер ж.б) учурууга тыюу салынат. Бул тууралуу III ДКОнун катчылыгы билдирди.

“Аппараттарды учурууга тыюу салуу ДКО сыяктуу масштабдуу иш-чаранын конокторунун жана катышуучуларынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо максатында киргизилди. Пилотсуз учуучу аппараттарды 2нен 8-сентябрга чейин Кырчын капчыгайында жана ат майданында колдонууга болбойт. Бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын бул маалыматты эске алуусун суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Кырчын капчыгайынын жана ат майдандын үстүнөн пилотсуз учуучу аппараттарды иштетүүгө ДКОнун катчылыгына гана уруксат берилет.

Пикир

Оставить комментарий