• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү менен БУУнун Терроризмге каршы бөлүмүнүн башчысы кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Терроризмге каршы бөлүмүнүн башчысы Владимир Воронков менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Терроризмге каршы бөлүмүнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуу жана долбоордук жана программалык иш-чараларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тараптар региондо терроризмге жана экстремизмге каршы алдын алуу чараларын көрүүгө көмөктөшүүчү БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Борбордук Азия үчүн жаңыланган Бирдиктүү иш планынын кабыл алынышын канааттануу менен белгилешти.

Аида Касымалиева белгилегендей, Кыргызстан БУУнун Терроризмге каршы бөлүмүнүн Бишкек шаарында жайгашкан аймактык координаторунун ишин жогору баалайт, ушуга байланыштуу БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын өкүлүнүн аймакта туруктуу болушун камсыздоо маанилүү деп эсептейт.

Аида Касымалиева белгилегендей, Кыргызстан Бишкек шаарында жайгашкан БУУнун Борбордук Азиядагы Борбордук Азиядагы аймактык координаторунун ишин жогору баалайт, ушуга байланыштуу БУУнун Терроризмге каршы бюросунун өкүлүнүн аймакта туруктуу болушун камсыздоо маанилүү деп эсептейт.

Мындан тышкары, тараптар аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий