• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын Түркиядагы элчиси төкмө акындар Азамат Болгонбаев жана Асылбек Маратов менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-ноябрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандан келген төкмө акындар Азамат Болгонбаев жана Асылбек Маратов менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз поэтикалык маданиятынын, тактап айтканда, импровизация искусствосунун учурдагы абалы тууралуу пикир алмашты.

Төкмө акындар Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган Эл аралык акындардын айтышына катышуу үчүн Түркияга келишкен.

Пикир

Оставить комментарий