• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КСДПнын айрым өкүлдөрүнүн курултайы: Атамбаев келген жок

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Бишкектеги Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында КСДП партиясынын айрым өкүлдөрүнүн XVIII курултайы өтүүдө.

Уюштуруучулар Атамбаевге чакыруу жөнөтүлгөнүн, бирок ал келбей койгонун айтышты. Атамбаев курулайда отчет бериши керек болчу, ага бул жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.

Анын ордуна курултайдын катышуучулары “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын төрагасы Сагынбек Абдрахмановдун отчетун угушкан. Ал өзүнүн докладында партия коррупцияга малынып, өлкөнү карыздын “кудугуна” салган адамдардан тазаланышы керек деп билдирген. Андан тышкары партия элден кечирип сурап, бул адамдардан тазаланышы керек, деди.

“Ири коррупциялык кылмыштар жана схемалар Атамбаевдин катышуусу менен болгон. Ал президент кезинде партиянын багытынан чыгып, жеке баюу максатын көздөгөн. Анын баардык жакын адамдары коррупцияга шектелип түрмөдө отурушат. Өлкөнүн инфраструктурасын оңдоо үчүн алынган көп кредиттер өз максатына жетпей, башка адамдардын чөнтөктөрүнө кеткен. Бишкектеги ЖЭБди модернизациялоо, Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоо, Тарых музейин оңдоп-түзөө, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун курууда жана башка ири долбоорлорундагы коррупция иштери Атамбаевдин катышуусу менен болгон”, - деди ал.

Абдрахманов эгер бүгүн Атамбаевди партиядан чыгаруу чечими кабыл алынса, ал автоматтык түрдө партиянын лидерлигинен кетет, деди.

Пикир

Оставить комментарий