• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Свердлов районунда коллектордук дренаж арыктары тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы ачык жана жабык коллектордук дренаж арыктарын кол менен жана атайын техника менен тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6 ай ичинде райондун аймагында 24,3 чакырым ачык коллектордук дренаж арыгы тазаланды. Андан тышкары 34,6 чакырым сугат суу арыктары тазаланды.

Бүгүнкү күндө Батыш Чоң Чүй каналынын (БЧЧК) жээгиндеги Осмонкул көчөсүнөн Курск тар көчөсүнө чейинки 500 метр ачык коллектордук дренаж арыгын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий