• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Коронавирус инфекциясына каршы жүргүзүлүп жаткан эмдөө кампаниясынын алкагында, Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда медиктердин тобунун Тышкы иштер министрлигине баруусу уюштурулуп, анын жүрүшүндө кызматкерлер Sinopharm вакцинасынын биринчи компонентин алышты.

Медициналык адистер каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугун текшерип, эмдөөнүн тартиби, сунуштары жөнүндө айтып беришти.

Процедурадан кийин эмдөөдөн өтүүнү каалаган бардык кызматкерлерге эмдөөнүн убактысы жана дозасы жазылган эмдөө карталары берилди.

Министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери жүрүп жаткан эмдөөгө кошулуп, жамааттык иммунитетин иштеп чыгуу үчүн чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий