• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустун мутацияга кабылган түрү жок — Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы (түрү) жок. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде билдирди.

"Азыр Кыргызстанда коронавирустун мутацияга кабылган түрү жок", - дейт ал.

Бейшеналиев бүгүн коронавируска каршы Кытайдан келген вакцина менен биринчилерден болуп эмделерин билдирди.

"Вакцинаны менин орун басарларым, медкызматкерлер, мугалимдер, чек ара кызматкерлери жана журналисттер алат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий