• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда батирден аял кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Кадамжайда батирден аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-март күнү саат 10:00дө Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Киров көчөсүндө жайгашкан №2 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирден болжол менен 80-85 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий