• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Прокуратура Кулматовду 15 жыл, Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрь күнү Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук жараян уланууда.

Прокуратура мурдагы шаар мэри Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну; мурдагы мэр Албек Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну; Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сталбек Өмүрканов, "Айкөл-Курулуш" компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиев, "Алта Групп" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршеекевди 15 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий