• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковду кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Ядролук жайылтпоо режимин чыңдоо" аймактык семинарына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковду кабыл алды.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш чаралар тууралуу пикир алмашышты.

Маектештер кыргыз-россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий