• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Азербайжандын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат

Саясат 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, биринчи күнү эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев прессага билдирүү жасашат.

Бул мамлекеттик сапардын алкагындагы иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир саат 15:40та эки лидердин расмий жолугушуу аземи менен башталат.

Пикир

Оставить комментарий