• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кувейттин хоккей боюнча курамасы коронавирустан улам Бишкектеги Дүйнө чемпионатына келбейт

Спорт 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Кувейттин хоккей боюнча курамасы коронавирустан улам Бишкектеги IV дивизиондогу Дүйнө чемпионатына келбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Хоккей федерациясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, мелдеш 3-5-мартта болуп өтөт.

"Бүгүн Кувейттин шейхинин чечими менен өлкөдө коронавирустун чыгышына жана карантин киргизилгендигине байланыштуу Кувейттин курамасы дүйнө чемпионатына катышпайт. Аларга бардык оюндарда техникалык жеңилүү – 5-0 эсеби жазылат", - деп билдиришти федерациядан.

Оюндардын алдын ала жадыбалы:

3-март

19:30 – мелдештин ачылышы;
20:00 – Кыргызстан-Филиппин;

4-март

20:00 – Филиппин-Малайзия;

5-март

18.00 – Кыргызстан-Малайзия;
20.00 – мелдештин жабылышы.

Пикир

Оставить комментарий