• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жаңы жетекчиси дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.03.18 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-мартынан тарта Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрын Жолдошбек Аманкулов жетектейт. Жаңы дайындалган жетекчини маданият министри Султан Жумагулов жамаат алдында тааныштырды. Бул тууралуу КР ММТМ басма сөз кызматы билдирди.

Министр, театрды өнүктүрүүгө чоң салым кошо турган жаш, прогрессивдүү директордон жаңы идеяларды ишке ашыруусун күтөөрүн айтты.

Жолдошбек Аманкулов эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Эгерде бир жылдын ичинде өзүн мыкты көрсөтүп, ийгиликтерди багынтып иштеп кетсе, келишим кийинки жылга узарат. Эске сала кетсек, мурун театр директорлору эмгек келишим менен иштеген эмес.

Жолдошбек Аманкулов:

Чүй облусунун Кемин районунда Тегирменти айылында туулган. Ал Москва шаарында М.С. Щепкин атындагы жогорку театралдык институтунда билим алган. Учурда Россия Федерациясынын президенти алдындагы башкаруу академиясында да билим алып жатат. “Учур” театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз-Түрк “Манас” жогорку окуу жайынында көркөм өнөр факультетинде ага окутуучу болгон.

Мурда Кыргызстандын жана чет элдик белгилүү тасмаларда роль жараткан. Тасма, мультфильмдердин үнүн коштогон.

Ч.Айтматов жана М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктардын ээси.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кызы бар.

Пикир

Оставить комментарий