• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖККУнун Еревандагы саммити. Кыйынчылыктар бар, бирок аскердик-саясий союзду чыңдоо зарыл

Аналитика 0

Үстүбүздөгү жылдын январь айындагы бир эле учурда Казакстандын бир нече ири шаарларындагы массалык башаламандыктар жана белгисиз куралдуу топтордун бийликти басып алуу аракеттери катталган кайгылуу окуя Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын аймактагы кырдаалды, чакырыктарды жана коопсуздук коркунучтарын нейтралдаштыруу чараларын талкуулоосуна негиз болгон.

Террорчулардын лагерлери түндүк провинцияларда топтолгон Афганистандагы кырдаал сыртынан көрүнүп тургандай. Бирок, эгемендүүлүккө жана улуттук коопсуздукка шек келтирип, таптакыр типтүү болбогон чакырыкты башынан өткөргөн Казакстандын тажрыйбасы көрсөткөндөй бул балким өлкөнүн ичинен даярдалып, ишке ашырылган болушу мүмкүн. Бул реалдуу жана олуттуу коркунуч жана Еревандагы саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУнун лидерлеринин көңүлүн Борбордук Азия чөлкөмүндөгү чыңалуунун курчушуна түрткү боло турган коркунучтуу тенденцияларга бурду.

“Саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик методдор менен каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан глобалдык коопсуздук системасындагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде өзгөрүлүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп кайтарууну камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты ырааттуу активдештирүү зарыл”,- деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы экстремизм идеялары жигердүү колдонулуп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун активдешип жатканына, бул уюмдун бардык мүчөлөрүнүн коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирген кризистин жаңы очокторун түзүп жатканына басым жасады. Муну менен катар биздин президент Кыргызстан аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо үчүн көп функциялуу аймактык түзүм катары уюмдун мүмкүнчүлүгүн чыңдоого кызыкдар экенин баса белгиледи.

Бул контекстте ЖККУ террордук чабуулдарды зыянсыздандыруу жана кырдаалды нормалдаштыруу үчүн Казакстандагы аскерлердин алган көндүмдөрүн тактоо жана өркүндөтүү ниетинде. Уюмга мүчө мамлекет башчылары ыкчам жайгаштырылган күчтөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн жана ок атуучу күчүн жогорулатуу чечимин колдошту, бул тууралуу жыйындын ачык бөлүгүндө Россиянын президенти билдирди.

“Казакстандагы тынчтык орнотуу операциясынын жүрүшүндө топтолгон абдан баалуу практикалык тажрыйбаны уюмдун катчылыгы талдоого алганын канааттануу менен белгилеп кетүүгө болот. Албетте, Россия тынчтык орнотуучу күчтөрдү жабдуу боюнча сунушталган маанилүү чечимди жана уюмду заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, ошондой эле атайын каражаттар менен камсыз кылууну колдойт”, - деди Владимир Путин.

Албетте, ЖККУда баары биз каалагандай эмес. Ара жолдо чечиле турган кыйынчылыктар бар. Ошол эле учурда бардык лидерлер уюмдун альтернативасы жок экенин жана азыркы учурда бул терроризм жана башка коркунучтардын түрлөрүнө каршы жападан жалгыз коргонуу деген пикирлерин билдиришти. Садыр Жапаров кыргыз тарап жамааттык коопсуздук тутумун чыңдоо үчүн биргелешкен ыкчам-күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүүгө, ошондой эле сырттан келген терс таасирлердин аракеттерине өз убагында жана натыйжалуу жооп берүүгө мындан ары да салым кошууга даяр экенин билдирди.

Туруксуздуктун дагы бир фактору ЖККУ өлкөлөрүнүн ортосундагы чек аралардагы курч кырдаал. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон жылдардан бери эч кандай мунаса табылбай келген пикир келишпестиктер чек арада бир нече жолу атышууларга жана куралдуу кагылышууларга алып келди. Сентябрь айында өлкөбүз Душанбе тарабынан агрессияга дуушар болду. Биздин армия өзүнүн чек арасын жана эгемендигин коргоду, бирок кайгылуу окуялардын кайталануу коркунучу сакталууда. Мындан тышкары, эксперттер эки тарапты тең жаңжалга, анын ичинде маалыматтык жана психологиялык таасирлерден улам коомду терс күтүүлөргө жана дүрбөлөңгө түртүп жаткан тышкы факторлор бар экенин бир нече жолу белгилешти.

Садыр Жапаров Еревандагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасы ар дайым ар кандай пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү үстөлүндө чечүү зарыл деген позицияны ар дайым жактап келгенин жана жактаарын баса белгиледи. Бишкектин бекем жана ырааттуу позициясы натыйжа берет. Кыргызстандын президенти чек араны делимитациялоо эки тараптын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен гана мүмкүн экенин, ал эми консенсуска өз ара сыйлоо жана ишеним принциптерине негизделген өз ара концессиялар жана компромисстер менен жетүүгө болорун бир нече жолу баса белгилеген. Биринчиден, Россия, бир аз кийинчерээк ЖККУ бул татаал процессте гарант катары чыгып, Бишкек менен Душанбеге позицияларды жакындатуу жана бардык чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү үчүн тил табышууга мүмкүндүк берди.

Айтмакчы, саммиттин алкагында Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстан менен Тажикстан бир топ алдыга жылганын кыйытты. Эске салсак, Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров жакында парламентте сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек араны делимитациялоо маселесинин жүрүшү тууралуу маалымат берип, жаңы жылга чейин аткарылган иштердин так жыйынтыгы коомчулукка сунушталат деген ишенимин билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын талаштуу тилкелери боюнча келишимди иштеп чыгуу чыңалууну басаңдатуу жана Борбордук Азиядагы туруксуздаштыруунун олуттуу коркунучтарынын бирин токтотуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

"Кабар" МАБ


 

Пикир

Оставить комментарий