• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз делегациясы Шэньчжэнь шаарынын таштанды иреттөө, кайра иштетүү иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев жетектеген делегация Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы таштанды иреттөө, кайра иштетүү механизимдери менен таанышты.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тактап айтсак, делегация Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы “Yuhetian Environmental Development Group Co., Ltd” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Аталган компания 25 жылдан бери калаанын тазалыгын камсыздоо жаатында иш алып барып келет. Бүгүнкү күндө мекеме Кытайдын 180ден ашуун шаарында өз кызматын көрсөтөт. Учурда компаниянын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, аралыктан башкаруучу автоматташтырылган техникалык системаларды колдонууга жана иштеп чыгууга басым жасоодо.

Абсаттар Сыргабаев алдыдагы убакытта шаарлардын тазалыгын тейлеген компания менен тажрыйба алмашууну улантуу, биргеликте кызматташуу алакаларын түзүү жаатында иш алып барыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий