• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарындагы бардык абоненттерге "акылдуу" эсептегичтер орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан Талас шаарында акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Талас шаары үчүн 6 миң даана акылдуу эсептегичти орнотуу иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө алардын 2 миңге жакыны орнотулуп бүттү.

Жалпы Талас шаары боюнча акылдуу эсептегичтерди алмаштыруучу 1 фазалуу абоненттер 6 миң 161 абонент бар жана алар толугу менен акылдуу эсептегичтерге алмаштырылмакчы.

"Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий