• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында унаа тыгыны пайда болду

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

«Өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн жарандардын топтолушу катталган жок, бирок «Чоң-Капка-автожол» өткөрмө бекетинде унаалардын тыгыны байкалат», - деп белгилешти Чек ара кызматынан.

Эскерте кетсек, жарандар мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча маалыматты КР Чек ара кызматынын Чек ара көзөмөлү башкы башкармалыгынын 0312 88 16 18, 0312 54 38 36 телефондору аркылуу тактай алат.

Пикир

Оставить комментарий