• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мугалимдердин август кеңешмеси өттү, - деп билдирет президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Акылбек Токтосунов, район-шаар башчыларынын орун басарлары, мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Август кеңешмесинде 2021-2022-окуу жылындагы облустун билим берүү тармагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.

Облус башчысынын орун басары мугалимдерди алдыдагы жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ал ошондой эле өткөн окуу жылындагы бир катар ийгиликтер менен орун алган кемчиликтерге токтолду. Мамлекет тарабынан мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу менен алардын натыйжалуу жумуш аткаруусуна болгон талап да күчөтүлгөнүн белгиледи.

“Бул жылы Жалал-Абад облусу жалпы республикалык тесттирлөөнүн жыйынтыгы менен өлкө боюнча эң акыркы орунга илинди. Кайсыл район-шаарда же мектептеги билим берүүнүн сапатын, андагы окуучулардын алган жетишкендиктеринде деп айтууга болот. Демек бул көрүнүш облусубузда тармактын өнүгүүсүндөгү жасалуучу жумуштар арбын экенин ачыктады. Жаңы окуу жылынын башталышында сиздерге кайрыларым, билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруңуздар. Бул сиздердин, биздин аткарып жаткан жумушубуздун жыйынтыгы катары бааланарын унутпаңыздар. Ар бир бала менен иштөө, анын жөндөмүн ачуу кесипкөй мугалимдин колунда”, - деди Эркинбек Маматаев.

Август кеңешмесинде өткөн окуу жылында ийгилик жараткан бир катар билим берүү бөлүмдөрү жана мугалимдер ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Ардак грамоталары менен сыйланды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 482 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Анын 468и мамлекеттик, 14ү жеке менчик. Аларда жалпы 251 миңден ашуун окуучу билим алат. Мектептерде 16 миң 261 мугалим эмгектенет.

Президенттин жарлыгына ылайык, беш жылдан ашуун иштеген 178 мектеп директору ээлеген кызматынан бошотулган. Ошол эле учурда кайра тестирлөөдө 220 талапкер катышып, андан 61и босого баллдан өткөн.

Пикир

Оставить комментарий