• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-Корей инвестициялык вебинары болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги тарабынан Кореянын тышкы соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги (KOTRA), Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлиги менен биргеликте уюштурулган Кыргыз-Корей инвестициялык вебинары болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова катышуучуларга жасаган видео кайрылуусунда Кыргызстан Корея Республикасы менен ар тараптуу мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп, Түштүк Кореянын инвестицияларын тартуу үчүн өлкөдөгү ыңгайлуу инвестициялык климат жөнүндө билдирди. Ошол эле учурда, айыл чарба, текстиль жана тоо-кен өнөр жайы, энергетика, транспорт, "жашыл экономика", курулуш, билим берүү, туризм жана башка негизги тармактар кыргыз-корей кызматташтыгынын келечектүү багыттары деп аныктады.

Түштүк Корея маалымат технологиялары боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири экендигин эске алуу менен Динара Кемелова инновациялык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экендигин билдирип, бул жаатта дагы жигердүү кызматташууну сунуш кылды.

Өз кезегинде, KOTRAнын вице-президенти Сон Су Дёк Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча бул вебинар KOTRA алкагындагы биринчи долбоор экендигин баса белгиледи. Ал Корея Республикасынын өкмөтүнүн “Жаңы Түндүк саясатынын” алкагында Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө үмүт артылып жаткандыгын айтты.

Вице-президент өз сөзүндө Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосунда айыл чарба, энергетика, IT жана туризм жаатында кызматташуунун келечектүү багыттары бар экендигин белгиледи. Ал бул вебинар кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын инвестициялык чөйрөсүн терең изилдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенээрин билдирди.

Вебинардын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана Алматыдагы KOTRA өкүлчүлүгү презентация жасашты.

Пикир

Оставить комментарий