• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасында кайрадан жер силкинди

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасында бүгүн, 15-мартта эртең менен саат 08:47де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында орун алып, Бедел айылынан 44 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.

Пикир

Оставить комментарий