• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп Осмонали Масалиев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын жамааты түрк тарабынан дайындалган башкы дарыгер Озгюр Челебини узатты. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Улук-Бек Бектурганов катышты.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалган оорукананын башкы дарыгери, доцент Озгюр Челеби дайындоо мөөнөтү аяктаганына байланыштуу мекенине кайтууда.

Түркия тарабынан дайындалган «Достук ооруканасынын" жаңы башкы дарыгери Бишкекке келгенге чейин анын милдетин КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2022-жылдын 1-февралында дайындалган анын орун басары Масалиев Осмонали Саттарович аткарат.

Пикир

Оставить комментарий