• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин 100 күнү: Коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын пилоттук пайдалануу мөөнөтү узартылды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.22./Кабар/. Коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын пилоттук (тажрыйба иретинде) пайдалануу мөөнөтү узартылды. Аталган чечим ченем жаратуу ишинин сапатын жогорулатуу, жарандардын мыйзамдарды, ченемдик-укуктук актыларды талкуулоого жана кабыл алууга катышуу боюнча конституциялык укуктарын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Учурда Бирдиктүү порталга 590 ашуун ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору жайгаштырылган, аларга 120 жакын сын-пикирлер келип түшкөн.

Кызматты апробациялоо аяктап, Бирдиктүү порталдын функционалдык мүмкүнчүлүгү туура жана талаптагыдай иштеп баштаган соң, бул система белгиленген тартипте пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ченем жаратуу ишмердигине жана процессине илимий ыкмаларды киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана укук үстөмдүгү институтун түзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий