• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз тасмасы Казакстанда өткөн фестивалда мыкты деп табылды

Маданият 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Кыргызстандык “Дербиш” тасмасы Казакстанда өткөн Борбордук Азиянын даректүү тасмалар фестивалында “мыкты кыска метраждуу тасма” деп таанылды. Бул тууралуу тасманын режиссеру Айзада Алиева социалдык тармактардагы баракчасына жазган.

Ал тасманы жаратууга ортоктош болгон адамдарга ыраазчылыгын айткан.

“Ата-энеме, чыгармачыл топко - Бегимай Шарапова, Элнура Төрөбекова, Рахматилла уулу Хайруллага, тасманын башкы каарманына, көркөм жетекчи Артыкпай Сүйүндүковго, сүйүктүү кыргыз-түрк “Манас” университетиме рахмат айтам”, - дейт ал.

Борбордук Азиянын даректүү тасмалар фестивалы Clique Film Festival тарабынан өткөрүлгөн. Ал 6-12-декабрь күндөрү Алмата шаарында өткөн.

Белгилей кетсек, “Дербиш” тасмасынын режиссеру Айзада Алиева, оператору Хайрулла Рахматилли уулу болгон.

Бул тасма бир катар эл аралык фестивалдардын байгелерин алган.

Пикир

Оставить комментарий