• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Алтын калем" сыйлыгы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдүн тизмеси жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Күн мурун А.Осмонов атындагы китепканада "Алтын калем" сыйлыгынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды. Сыйлык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарыяланган.

Ведомстводон билдиришкендей, сыйлоо аземине маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков жана бир катар маданият тармагынын өкүлдөрү катышты. Сынактын жобосуна ылайык, төмөнкү өнөрпоздор жеңүүчүдеп табылды:

- "Проза" багыты боюнча - Абдиламит Матисаков;
- "Поэзия" багыты боюнча - Молдоакмат Бапаков;
- "Драма" багыты боюнча - Кыял Тажиева;
- "Адабий сын" багыты боюнча - Үмүт Култаева;
- "Котормо" багыты боюнча - Таштанбек Чакиев;
- "Балдар адабияты" боюнча - Байтемир Асаналиев;
- "Орус тилдүү чыгармалар" боюнча - Тыныбек Мейманалиев.

Эске салсак, аталган сынак кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, кыргыз тили баа жеткис байлыгыбыз экенин даңазалоо, кыргыз тилинде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо, калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий