• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 03.03.24./Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өттү.

Анын алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий