• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасы: суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Тажикстандын Исфара районундагы «Гулистон» өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 12-мартта өтүп, алты саатка созулган.

Жолугушууга КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМК Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, КР ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери менен Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышты.

Ал эми тажик тараптан Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали, ошондой эле жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде катталып жаткан окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты кармап калуу жолдору талкууланды.

Андан соң 15 мүнөттөн кийин сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгү эки облустун жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Ражаббой Ахмадзоданын катышуусунда улантылып, анда жалпысынан 4 маселе каралды:

1) Чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбачылык маселелери (арыктарды, каналдарды тазалоо иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо), көпүрөлөрдү оңдоо иштери. Бул маселе боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү;

2) Чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө;

3) Чек арада катталган мал уурдоо боюнча тез арада маалымат алмашып, кайра мал ээсине малдарды толук кайтарып берүү маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүү;

4) Дрон (БПЛА) чек ара аймактарында учурууга тыюу салуу маселеси.

Ал эми эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек араны кайтаруу, кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча өзүнчө каралды.

Пикир

Оставить комментарий